Кыргызча

УКМК Ак-Суудагы бир катар социалдык объектилерди мамлекеттин менчигине кайтарды

24.kg
11 марта 2025
10:19

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы бир нече социалдык объектилер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, төмөнкү объекттер кайтарылды;

— 0,70 га өлчөмүндөгү 356 чарчы метр администрациялык имараты бар жер тилкеси;

— мурда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы М. Мамакеев атындагы орто мектептин балансында турган 944 чарчы метр аянттагы откананын имараты;

— Ак-Суу капчыгайында жайгашкан жылуу суулары бар аянты 39 чарчы метрди түзгөн дарылоо борборунун имараты;

Ошол эле учурда аталган жер тилкелерин жана курулмаларды КР колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен Ак-Суу айылынын тургуну К.Д.Ш. сатып алгандыгы аныкталды. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында К.Д.Ш. мыйзам бузуу фактыларын мойнуна алып, жогоруда аталган объектилерди Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Мындан тышкары, мурда бала бакча жайгашкан 0,60 га өлчөмүндөгү мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Источник: 24.kg
Article views
2
X
Facebook
Telegram
WhatsApp
24.kg

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18

Телефон +996 (312) 66-01-88
Кыргызстан, 720001, г. Бишкек, ул.Манасчы Сагынбая, 77