Кыргызча

Билим берүү министрлиги жайда мектептерде оңдоо иштерин ким жүргүзөрүн чече элек

24.kg
11 марта 2025
09:38

Билим берүү министрлиги бул жайда мектептерде оңдоо иштерин ким жасай турганын чече элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында министрдин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Депутат Бактыбек Марипов билим берүү мекемелерине оңдоо иштерине сапаттуу материалдар бөлүнгөнүн белгиледи. «Бирок оңдоо иштерин ким жасаары айтылган эмес. Мугалимдер мектептерде капиталдык оңдоо иштерин ким жүргүзөт деп сурап жатышат», — деди ал.

Надира Жусупбекова бул маселе боюнча жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, азырынча бир чечимге келе электигин билдирди. Ал кошумчалагандай, быйыл жалпы билим берүү мекемелерин оңдоого 401 миллион сом бөлүнгөн, буга чейин бул максаттарга 100 миллион сом эле бөлүнчү.

Источник: 24.kg
Article views
4
X
Facebook
Telegram
WhatsApp
24.kg

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18

Телефон +996 (312) 66-01-88
Кыргызстан, 720001, г. Бишкек, ул.Манасчы Сагынбая, 77