Кыргызча

Кыргызстандын зергерлери 2024-жылы 72,7 килограмм алтын өндүргөн

24.kg
11 марта 2025
09:12

Өткөн жылы кыргызстандык зергерлер 72,7 килограмм алтын менен буюм жасаган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Алтынбек Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, алтындан жасалган зер буюмдардын импорту жергиликтүү өндүрүштөн 3,5 пайызга ашты.

Алтынбек Кудайбердиевдин айтымында, 2024-жылы жергиликтүү зергерлер 41,4 килограмм күмүштөн буюм жасаган. Күмүш зер буюмдарынын импорту 22,13 пайызга өстү.

Жалпысынан министрдин орун басарынын айтымында, өлкөдө алтын өндүрүү жана сатуу менен 1547 чарбалык субъект алектенсе, анын 73ү жергиликтүү зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы өлкөгө ташылып келинген жана зергер буюмдарын өндүрүү үчүн колдонулган курамында металл бар рудаларга, концентраттарга, эритмелерге жана аффинаждалган металлдарга КНСти алып салды. Бул тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 12-февралында кол койгон.

«Чийки затты импорттоодо КНСти алып салуу зергерчилик тармагына стимул болуп саналат. Кандай гана стимул — бул бизнести өнүктүрүү, бизнести өнүктүрүү — бул кирешенин көбөйүшү, көмүскө сектордун кыскарышы, анткени кара базардан чийки затты сатып алуудан эч кандай пайда жок. «Натыйжада казынага салыктар көбөйдү», — деп билдирген ошол кездеги Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов.

Источник: 24.kg
Article views
2
X
Facebook
Telegram
WhatsApp
24.kg

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18

Телефон +996 (312) 66-01-88
Кыргызстан, 720001, г. Бишкек, ул.Манасчы Сагынбая, 77