Кыргызча

Жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

24.kg
11 марта 2025
05:06

Башкы прокуратура жер тилкелерин мыйзамсыз берүү (акысыз, бир нече жолу) фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Мамлекетке 56,3 миллион сом зыян келтирилгени аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Новопавловка жана Ат-Башы айыл өкмөттөрүнүн, ошондой эле Сокулук районунун каттоо органдары тарабынан 2018-2022-жылдары жер мыйзамдарын бузуу менен 38 жаранга турак жай куруу үчүн жалпы аянты 1,6 га жер тилкелери бир нече жолу берилгени аныкталган.

Ошол эле учурда мыйзамдуу түрдө жер тилкесин алуу үчүн кезекте турган жарандар жер тилкесиз калган.

Бул фактынын негизинде Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Источник: 24.kg
Article views
3
X
Facebook
Telegram
WhatsApp
24.kg

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18

Телефон +996 (312) 66-01-88
Кыргызстан, 720001, г. Бишкек, ул.Манасчы Сагынбая, 77