Кыргызча

Нарын облусунда 100 миллион сомдук объект мамлекетке кайтарылды

24.kg
10 марта 2025
11:50

Нарын облусунун Кочкор районунда кыймылсыз мүлк жана 5,09 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, мурда мамлекеттин менчигиндеги дан азыктарды сактоочу кампалар жана ага тийиштүү жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактардын менчигине берилип кеткендиги аныкталган.

 

Photo 368378

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 100 млн 750 миң сомду түзгөн кыймылсыз мүлк 5 гектардан ашык жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Ошондой эле Жумгал райондук прокуратурасынын аракеттеринин негизинде Чаек айыл аймагындагы калктуу конуштагы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 5 млн сомдук 0,23 га жер тилкеси муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди.

Источник: 24.kg
Article views
1
X
Facebook
Telegram
WhatsApp
24.kg

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18

Телефон +996 (312) 66-01-88
Кыргызстан, 720001, г. Бишкек, ул.Манасчы Сагынбая, 77