15:54, 10 марта 2025, 24.kg

Обончу Майрамбек Осмонов Ош шаарынын мэри тууралуу ырдап чыкты

8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулган концертте ырчы Майрамбек Осмонов Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тууралуу ыр аткарды.

Ырчынын айтымында, ырдын сөзүн мэрдин жакын досу Таалайбек Төлөнбаев жазган.

Майрамбек Осмонов Жеңишбек Токторбаевдин учурдагы мыкты шаар башчысы экенин, чыгарманы уяты жок, чын жүрөгү менен аткарып жатканын жана азыр элдин баары анан эмгектерин билип турганын айтты.

 

Ырда автор Жеңишбек Токторбаев мэр болгондон кийин Оштун жаркырап баштаганын, эл үчүн чоң иштерди баштаганын белгилеп, аны жарым жолдо калтырбай аягына чыгарууну өтүнөт.

Эске салсак, Жеңишбек Токторбаев түштүк борбордун мэрлигине бир жарым ай мурун дайындалган.

Views
7
Views
Views
Views

КОНТАКТЫ

Адрес: Кыргызстан, 720021, г. Бишкек,
ул. Манасчы Сагымбая, 77.

Телефон: +996 (312) 660 188 (приемная).
WhatsApp: +996 (555) 312 024 (только для сообщений).

Почта: info@24.kg

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования 
и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18