Кыргызча

Орозонун 1-жумасында Кыргызстанда мас абалында унаа башкаргандардын саны азайды

24.kg
10 марта 2025
07:27

Акыркы жумада Кыргызстан боюнча 23 266 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталса, анын 108и гана мас абалында айдоочулар. Бул тууралуу 24.kg агентигине КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, жол эрежесин бузуунун мындай саны 3-марттан 9-мартка чейин, башкача айтканда, иш жүзүндө орозонун биринчи жумасында катталган, анын ичинде:

Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу-701;

Мас абалында унаа башкаруу −108;

Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу −87;

Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-291;

Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3410;

Авто ээнбаштык −10;

Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4174;

Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу — 3;

Башка жол эрежелерин бузуу фактылары —14 482;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2561 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Маалым болгондой, өлкө боюнча жумасына 108 мас абалында унаа башкаргандардын кармалышы мурунку ушул эле мезгилдерге салыштырмалуу аз. Себеби 200дөн ашуун айдоочу мас абалында аныкталган эле.

Источник: 24.kg
Article views
3
X
Facebook
Telegram
WhatsApp
24.kg

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18

Телефон +996 (312) 66-01-88
Кыргызстан, 720001, г. Бишкек, ул.Манасчы Сагынбая, 77