Кыргызча

Аламүдүндө мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

24.kg
10 марта 2025
06:52

Аламүдүн районунун Чокморов айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, 2000-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемесин жоюу жолу менен атайын администрациялоо процедурасы башталган, андан соң жанаша аймагы менен кошо бала бакча Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген. Бирок, кийин социалдык объект жеке менчикте болуп, максатсыз пайдаланылган.

Ошону менен бирге 2008-жылы инфраструктуранын социалдык объекттерин үчүнчү жактарга ажыратууга тыюу салган колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларга карабастан, аталган бала бакча 0,89 га жанаша жайгашкан аймагы менен жеке менчикке өткөрүлүп берилген.

Photo 368294

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 28-февралда бала бакчанын ээлери кыймылсыз мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын эске алып, өз ыктыяры менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун С.Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришкен.

Источник: 24.kg
Article views
2
X
Facebook
Telegram
WhatsApp
24.kg

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18

Телефон +996 (312) 66-01-88
Кыргызстан, 720001, г. Бишкек, ул.Манасчы Сагынбая, 77