12:22, 10 марта 2025, 24.kg

УКМК Максим Бакиевдин Кыргызстанга келиши тууралуу маалыматка комментарий берди

Качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Кыргызстанга келди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 24.kg агентигине УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Максим Бакиевдин сүрөтүн Фейсбук баракчасына жарыялап, качкын өлкө башчынын уулу Бишкекке жеке учак менен келип, мейманканалардын бирине түнөгөнүн жазды.

«Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Эгерде Максим Бакиев чындап эле борборго келген болсо, ал дароо кармалмак», — деп белгилейт УКМК.

2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаров Курманбек Бакиев, анын бир туугандары жана балдары расмий издөөдө экенин, эгер алар Кыргыз Республикасына келсе, дароо камакка алынарын билдирген.

Эске сала кетсек, 2014-жылы Максим Бакиев үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Views
10
Views
Views
Views

КОНТАКТЫ

Адрес: Кыргызстан, 720021, г. Бишкек,
ул. Манасчы Сагымбая, 77.

Телефон: +996 (312) 660 188 (приемная).
WhatsApp: +996 (555) 312 024 (только для сообщений).

Почта: info@24.kg

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования 
и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18