11:07, 10 марта 2025, 24.kg

Бишкекте алгачкы жолу кабаттуу унаа токтотуучу жай курулууда

Орто-Сай базарынын аймагына он унаага ылайыкталган биринчи жолу көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Сыноо иштеринен кийин унаа токтотуучу жай иштей баштаары белгиленген.

Буга чейин мэриянын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине караштуу Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар жана базарлар ишканасы ПРД-10 жүк көтөрүүчү жана унаа токтотуучу жабдыктарды алып келүү боюнча «Могилевлифтмаш» ААК менен келишим түзгөн.

Жетиштүү орундары бар аймактарда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайлар пландаштырылат. Ал эми бош орундары чектелген жерлерде ротациялык унаа токтотуучу системалар орнотулат.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын жай айларында базардын аймагындагы 252 унаа үчүн унаа токтотуучу жайдын курулушун бүтүрүү пландалууда.

Views
8
Views
Views
Views

КОНТАКТЫ

Адрес: Кыргызстан, 720021, г. Бишкек,
ул. Манасчы Сагымбая, 77.

Телефон: +996 (312) 660 188 (приемная).
WhatsApp: +996 (555) 312 024 (только для сообщений).

Почта: info@24.kg

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования 
и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18