09:32, 10 марта 2025, 24.kg

Брюсселде Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар талкууланды

Кыргызстандын Брюсселдеги элчилигинде Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Айдит Эркин менен Эл аралык Чыңгыз Айтматов фондунун президенти — Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусунун үй-музейинин директору Эльдар Айтматовдун жолугушуусу болду.

Photo 368228

Жолугушууда Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери талкууланды.

Жазуучунун уулу Чыңгыз Айтматовдун музейине анын чыгармаларынын ар кандай тилдердеги жаңы басылышын тапшырды.

Эске салсак, Чыңгыз Айтматов 1990-1991-жылдары СССРдин Бенилюкс өлкөлөрүндөгү (Бельгия, Голландия, Люксембург) элчиси, 1991-1994-жылдары Орусиянын Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси кызматтарын аркалаган.

1994-жылдан 2008-жылдын мартына чейин Кыргызстандын Франциядагы, Бельгиядагы, Люксембургдагы жана Нидерландыдагы элчиси кызматын аркалаган, резиденциясы Брюсселде болгон.

Чыңгыз Айтматов 2028-жылдын 12-декабрында 100 жашка чыкмак.

Views
9
Views
Views
Views

КОНТАКТЫ

Адрес: Кыргызстан, 720021, г. Бишкек,
ул. Манасчы Сагымбая, 77.

Телефон: +996 (312) 660 188 (приемная).
WhatsApp: +996 (555) 312 024 (только для сообщений).

Почта: info@24.kg

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования 
и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18